7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Апасы, кызы жана уулунун өлүмү. «Кыз терезеден секирип түшкөндө унаага кулап, сигнализация иштеген»

2881

Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев 5-кичи райондогу үч адамдын өтүрүлүшү боюнча комментарий берди. Анын айтымында, кошуналар эмеректердин жылышын, жерге бир нерсе түшкөнүн, ызы-чуу, кыйкырыктарды угушкан. Унаанын сигнализациясынын үнү да угулган – кыз терезеден секирип түшкөндө унаага кулап, сигнализация иштеген.

«Кошуналар анча маани беришпей, үй башчысына кеч кабарлашкан. Ал жумуштан келип, видеокамераларды карап, участкалык милицияга кабарлаган. Милиция кызматкери келип абал менен таанышкан. Милиция менен ӨКМдин кызматкерлери барып, батирди ачып, батирде үч адамдын сөөгү бар экенин аныкташкан»,- деди Ногойбаев.

Эскерте кетсек, 16-февралда 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2882