Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттарына кысым көрсөтүлбөгөнүн билдирди. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жалпыга маалымдоо каражаттарында Конституциянын кайра иштелип чыгышы, парламенттик жана президенттик шайлоо боюнча сын-пикир айтып жаткан депутаттарга карата укук коргоо органдары кысым көрсөтө баштады деген маалыматтар жарыяланууда. «5-6-октябрь күндөрү шайлоонун жыйынтыгына каршы элдик толкундоо башталып,бийлик алмашкан. Ушул окуялар боюнча Жазык кодексинин бир нече оор беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Учурда Ички иштер министрлиги тергөө, издөө иштерин колго алып, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп жатат.Ошонун алкагында суракка чакырылчу адамдардын тизмеси түзүлгөн. Алардын арасында коомдук ишмерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка жарандар бар. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча көп нерсени ачыктоого мүмкүн эмес. Суракка чакырылгандарга тергөөчүлөрдүн суроолору бар. Тергөөнүн шартына, мыйзамга ылайык тиешелүү кишилерди сурап, анан акыйкатжыйынтык чыгарыш керек. Октябрдагы окуяларга катышкан, ал жөнүндө билген жарандар тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар. Ошого байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматы күбө катары гана сурап жатат.Суракка чакырылгандардын арасында азыркы сунушталып жаткан Конституцияны колдогондор деле бар экендиги белгилүү. Ошол себептүү Октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштердисаясатташтырууга негиз жок экенин белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.
Дагы оку
Президент Садыр Жапаровдун бүгүнкү Каракол шаарына болгон иш сапары, ал жакта курулуп жаткан, курулат деп долбоорлонуп жаткан объектилердин тизмегин угуп,
Кыргызстандын таэквондо WT боюнча улуттук курама командасы Казакстандын Астана шаарында өткөн эки эл аралык турнирде жалпы 10 медаль утту. Бул
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга жасаган расмий сапарынын алкагында Анкара шаарындагы «Аныткабир» мемориалдык комплексине барды. Министр Түркия Республикасынын
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Аламүдүн районундагы бир катар курулуш
1-июлдан 31-июлга чейин миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргызстандан айып пул төлөбөстөн өз ыктыяры менен
Бишкекте 1-июлдан тарта жүргүнчүлөр «Тулпар» картасы аркылуу 17 сом төлөп, бир сааттын ичинде төрт автобуска чейин кошумча акысыз которулуп жүрө



