7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө эки оор жүк ташуучу унаа кармалды

702

Чүй облусунун көзөмөл-өткөрүү пункттарында жана стационардык пункттарында эки оор жүк ташуучу унааны солярка менен кармашкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чалдыбар айылындагы жеке үйлөрдүн биринде эч кандай коопсуздук нормаларын сактабастан күйүүчү-майлоочу майларды Казакстандан чакан партиялар менен алып чогултуп, кийин андан ары сатуу үчүн түштүк аймактарга оор жүк ташуучу унаалар менен жөнөтүлүп жатканы аныкталган.

Катталган материалдардын негизинде, 3-мартта “Сосновка” стационардык постунда 2 “DAF” автоцистернасы кармалган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында пломбалардын бүтүндүгүн бузуу, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майларга жасалма коштоочу документтерди колдонуу фактылары аныкталган. Бул унаалар айып унаа токтотуучу жайга киргизилип, мөөр басылды.

Учурда “Чалдовар-авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жайгашкан көзөмөлдөө кызматтарынын (МСК жана ЧК) тиешелүү кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

703