7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов: Баштагыдан айырмаланып Конституция кыргыз тилинде жазылып жатат

334

Биринчи жолу Конституция кыргыз тилинде жазылып жатат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Эдил Байсалов билдирди.


Анын айтымында, буга чейин Баш мыйзам алгач орус тилинде жазылып андан соң кыргыз тилине которуунун натыйжасында мааниси өзгөрүп келген. Учурда ар бир сөзү дыкаттык менен каралып, талкууга тушүп анан жазылууда.


“Ишибизге анализ жүргүзүп, Конституцияны коңшу Казакстан, Россия өлкөлөрүнүн Баш мыйзамдары менен салыштырып жатабыз. Баса белгилеп кетчү жагдай, Конституция кыргыз тилинде жазылып жатат. Буга чейин ал орус тилинде жазылып, кыргызча которулганда мааниси өзгөрүп кетчү. Учурда ар бир сөз талкууланып жазылууда”, – дейт Байсалов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

335