7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

4-декабрда Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинде бир сутка Манас айтылат

375

4-декабрь Манас күнүнө карата Таласта бир сутка Манас айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка ылайык, бул демилге министрлик тарабынан көтөрүлгөн.


«Азем Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00 токтотулат. Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбай, ал демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт. Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, “Маданият-Тарых-Тил” каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

376