26-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Асанкул Осмонов 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Асанкул Осмонов 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган.
- 1954-жылы Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөн.
- 1958-жылы Москвада өткөн Кыргызстандын жалпы маданият күнүнүн декадасына катышкан.
- 1958-жылдан Кыргыз академиялык драма театрынын актёру болуп иштеп баштаган.
- 1990-жылы КРнын Эл артисти наамы ыйгарылган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 28-мартта Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 10:00дө өтөт.