7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта мектеп окуучулары менен тегерек стол өткөрүлдү

378

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери №2 Дом-Ата мектебинде окуучулар менен терегек стол өткөрүштү. Тартип сакчылары менен 10-11-класстардын окуучулары “Адам укугун коргойбуз, кылмыштуулукка жол бербейбиз” деген темада талкуу жүргүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бул иш-чаранын алкагында окуучулардын чакан сахналаштырылган көрүнүштөрү көрсөтүлгөн.

«РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору мектеп окуучуларын ар кандай кылмыш жана кырсыктардан алыс болууга чакырышты. Ошондой эле татыктуу билим алууга, келечекте мекенди сүйүүгө жана кызмат кылууга, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга үндөштү», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

379