Түркия өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү. Бул тууралуу штабдан билдирди.Түркияга 28-декабрдан тартып учак менен 30-декабрдан тартып жер үстүндөгү транспорт менен келген ар бир жүргүнчү акыркы 72 сааттын ичинде COVID-19 үчүн терс ПЦР тестин тапшырышы керек. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттерде жарыялады. Чаралар 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.Эгер тесттин жыйынтыгы жок болсо, анда кирүүгө тыюу салынат.Пандемия башталгандан бери Түркияда 2 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыккан, 19 миңден ашуун адам каза болгон. Учурда өлкөдө коменданттык саат жана Жаңы жылды майрамдоого кеңири тыюу салынган.
Дагы оку
Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Ардактуу энелер! Кымбаттуу мекендештер Сиздерди Энелер күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Кыргыз элинде байыртадан эле айтылып келе
Бүгүн, 17-май өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы
Президент Садыр Жапаровдун Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Түркстан шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн бейформал саммитине катышуусу аяктады. Бул тууралуу
Бишкек шаарында 2026-жылдын 16-майынан 19-майына чейин Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кыймылы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитинде сөз сүйлөдү. Мамлекет
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн бейформал саммитинин алкагында “Түрк цивилизациясынын борборун” пайдубалынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.



