Түркия өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү. Бул тууралуу штабдан билдирди.Түркияга 28-декабрдан тартып учак менен 30-декабрдан тартып жер үстүндөгү транспорт менен келген ар бир жүргүнчү акыркы 72 сааттын ичинде COVID-19 үчүн терс ПЦР тестин тапшырышы керек. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттерде жарыялады. Чаралар 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.Эгер тесттин жыйынтыгы жок болсо, анда кирүүгө тыюу салынат.Пандемия башталгандан бери Түркияда 2 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыккан, 19 миңден ашуун адам каза болгон. Учурда өлкөдө коменданттык саат жана Жаңы жылды майрамдоого кеңири тыюу салынган.
Дагы оку
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын архитектуралык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын архитектуралык тарыхый-маданий
Бүгүн Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстанда боор жана бөйрөк органдарын трансплантациялоо
Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, У. Салиева көчөсүндөгү №51 көп
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматовдун фондунан билдиришти. «Терең кайгыруу
Кыргызстанда насыя төлөнгөндөн кийин күрөөнү онлайн алып салууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка караганда, буга чейин жарандар
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди. Тургундар социалдык колдоо,



