Бишкек шаарындагы мектептердин биринин мугалими окуучуну кысымга алган деген шек менен кармалып, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалды. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Белгилүү болгондой, 4-январда милицияга Бишкек шаарындагы мектептердин биринин мугалими И.А.га карата арыз келип түшкөн, арыз ээлери мугалим 15 жаштагы уулун кысымга алган деп билдиришкен.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Бузукулук аракеттер» беренеси боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери бул кылмыш ишине ылайык видеоматериалды каттап, 1984-жылы туулган И.А. аттуу мугалимди убактылуу кармоочу жайга эки айга камашты.