7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Савай айылынын башчысы Мунарбек Сайпидинов 2 айга үй камагына чыгарылды

292

11-январда УКМК тарабынан кармалган Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кечээ, 13-январда 2 айга үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи инстанция соту тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.А.тин бөгөт коюу чарасын үй камак түрүн тандап, токтом кабыл алууда шектүүнүн өздүгү аныкталганын, туруктуу жашаган жери такталганы, келтирилген 1 033 700 (бир миллион отуз үч миң жети жүз) сомдук материалдык зыян толугу менен төлөнгөнүн, үй бүлөлүк абалын эске алуу менен ага карата бөгөт коюу чарасы катары үй камак түрүн тандаган.


Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 13-январындагы токтому менен: Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн ОМИ боюнча ага тергөөчүсү Н.Тиленбековдун өтүнмөсү канааттандырылып, шектүү С.М.А.тин кармоо мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.


Ал эми ошол эле шаардык сотунун 2021-жылдын 13-январындагы токтому менен:
Ош областынын прокуратура бөлүмүнүн улук прокурору У.Калдаровдун өтүнмөсү канааттандыруусуз калтырылып, шектүү С.М.А.ке карата бөгөт коюу чарасынын үй-камак түрү эки айга чейин тандалып, бул чара 2021-жылдын 11-март саат 17:00го чейин колдонулуп, С.М.А. сот залынан бошотулган.

С.М.А. үй камагында болгон учурда, ар күнү саат 22:00дөн 06:00 саатка чейин жашаган жери Ош областынын Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн, Савай айылындагы үйүнөн сырткары чыгууга тыюу салынып, тергөөчүнүн биринчи чакыруусу менен келүүгө, жашаган аймагынан сырткары чыкпоого милдеттендирилген.
Шектүү С.М.А.ке коюлган чектөөлөрдүн аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашыруу Ош ШИИБнын башчысына жүктөлгөн.


Токтом жарыяланган күндөн тартып 5 сутканын ичинде Ош областык сотуна апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

293