7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мен өзүмдү тааный албай баратам, Апа келип, бүгүн мени урушчу

1708

«АПА МЕНИ УРУШЧУ»

Түшкө кирдиң адатыңча уруштуң,
Урушсаң да күлүп карап турупмун.
Ыйлап алдым араң жүргөм бук болуп,
Кайда кетти билбей калдым түн уйкум?

Өзүң менен жылдызы өчкөн кечтердин,
Өмүрүмдүн бош калганын сезген ким?
“Жалкоо болбой өз боюңа тың болгун”,
Деп айтканын апакемдин эскердим.

Мезгил токтоп жылган өңдүү араң, жай.
Чачык бөлмө, үй-жай калган каралбай,
“Эсиңе кел, эээй” — деген, апам жок,
Эми кантем урушканың табалбай?..

Өзүң менен учургандай ырысты,
Сагындым эх, жүзүңдөгү бырышты.
Мен өзүмдү тааный албай баратам,
Апа келип, бүгүн мени урушчу.

Эрке элем, айткан сөзүң унутуп,
Ошол учур барат жанды курутуп.
Көл кайгыма чөгүп барам апаке,
Келип мени койчу бир аз урушуп.

Кайда шаштың, кайда кеттиң жаным ай,
Калдым азыр оюм онго чачырай.
Урушканың көрсө мээрим турбайбы,
Азыр мага табылбаган дарыдай.

Өзүң барда өмүр сырын билбегем,
Бакыт экен ар бир учур тилдеген.
Эл балдары иштин баарын бүтүрдү,
Сен уктайсың түшкө чейин тур деген.

Кантип өтүп жатат билбей жылдарым?
Карааныңды күтүп жанды кыйнадым.
Сырттан ойноп кеч келгенде короодо,
Сагымдым ай, кабак бүркөп турганың.

Дарысы элең оруганда жанымдын,
Жыйнала албай, ордуң толбой чачылдым.
Убагында жактырбагам айтканың,
Эми сенин урушканың сагындым.

Айлам канча? Сен жок күнгө кабылдым,
Акылы жок жаным, далай жаңылдым.
Адашканда туура жолду көрсөткөн,
Апа сенин, урушканың сагындым…

Автор: Акбар Кубанычбеков

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1709