Жаштар арасында энергетикалык суусундуктарды ичүү адатка айланды. Бирок, анын зыяндуулугун түшүнбөгөндөр арбын. Дал ушул суусундуктун таасиринен акыркы убакта өлкө ичинде жүрөк оорусу менен ооругандар көбөйүүдө. Негизинен энергетик суусундуктары чыйралтуу мүнөзгө ээ. Бирок, алардын сыртында күнүнө канча өлчөмдө ичүү керектиги эскертилген. Анткени, ашыкча өлчөмдө ичип алса кээ бир адамдардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизип калышы толук ыктымал.
Ал эми кардиологдор аталган суусундуктун таасиринен жүрөк тез согуп, кан басым көтөрүлөөрүн айтып келишет.
Жүрөктүн функциясы бузулат
Энергетикалык суусундукту көп ичкен адамдын кан басымы көтөрүлүп, жүрөктүн функциясы начарлайт. Жүрөктүн тез согушуна алып келип, убакыттын өтүшү менен чоңоюшу да мүмкүн. Жүрөктүн мүнөтүнө 60-63 ирет соксо, бул суусундукту ичкенден кийин 100гө чейин жетет.
Эмизген аялдар үчүн колдонууга болбойт
Кош бойлуу аялдар же болбосо бала эмизген аялдарга бул сууну ичүү сунушталбайт. Себеби, эненин организми аркылуу курсактагы балага же сүтү аркылуу эмизген баласына терс таасирин тийгизет. Анын натыйжасында жаш балдарда «диарея» сыяктуу оорулар пайда болот.
Курамында шекер жана кофеин өтө көп
Курамында шекер жана кофеин өтө көп болгондуктан энергетикалык ичимдиктерди дайыма колдонуу ден соолукка зыян. Анткени диабет жана жүрөк кан тамыр ооруларынын пайда болуусуна алып келет. Мындан сырткары кан басымдын жогорулашына себепчи болот. Ошондой эле энергетикалык суусундуктарды ашыкча колдонуу уйкусуздук жана тынчсыздануу сыяктуу ооруларды пайда кылып же күчөтүп жибериши мүмкүн.
Энергетикалык суусундуктарды ичкенде адамдын кан басымы көтөрүлөт.
Беттеги кан тамырлар кеңейгенинен бет дагы кызара баштайт жана каректер коюлана түшөт. Көпчүлүк бул суусундуктан энергия, адреналин алабыз деп ичишет. Бирок, анын курамында боёк, кофеин, кант жана химикаттар бар экенин биле беришпейт. Учурда энергетикалык суусундуктун таасиринен жүрөгүнөн приступ берип, ооруканага түшкөндөр арбын.
Курамында витамин бар экени далилдене элек
Көпчүлүк адамдар бул суусундук витаминге бай деп ойлоп, суусунун кандырам дешет. Бирок, бул туурасында так маалымат жок. Ошол себептүү зыяндуулугу көп. Асыресе, уйкусурап жана депрессияга учуратат.
Адамды чыдамдуу кылып, иш жөндөмүн арттырат.
Энергетикалык суусундуктар организмдин иш жөндөмүн арттырып, чыдамкайлыкты пайда кылат. Ошондой эле денедеги суунун балансын да убактылуу кармап турганга жардамчы болот.