7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүү министри Нарын облусунда жаңы курулган мектепке 16 компьютер тапшырды

301

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык министр Тыналы атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

«Аталган мектеп 2020-жылдын декабрь айында курулушу толук аяктап пайдаланууга берилген. Азыркы учурда мектепте 300 окуучу билим алып, 31 мугалим эмгектенет. Алмазбек Бейшеналиев министрликтин атынан жаңы курулган мектепке 16 комплект компьютер тапшырды,»-деп айтылат маалыматта.


Андан ары министр иш сапарын улай Жумгал районунун Таш-Дөбө айылындагы мектептин курулушу, ошондой эле Кочкор районунун Теңдик айылындагы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин, Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин жалпы абалы менен таанышты.
Министр облустук билим берүү жана райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилерине ар бир райондогу көйгөйлүү деп саналган мектептердин тизмесин тактап берүүсүн тапшырды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

302