7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Словакиянын Президенти Садыр Жапаровго куттуктоо телеграммасын жолдоду

216

Словакия Республикасынын Президенти Зузана Чапутова Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Словакия Республикасынын жарандарынын жана өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Жооптуу жана маанилүү миссияңызды аткарууда Сизге чыгармачылык күч-кубат жана ийгиликтерди каалаймын.

Учурдан пайдаланып, салттуу словак-кыргыз мамилелерине мен жогору баа бергим келет.  Мындан ары да биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жигердүү кызматташтык өнүгүп жана тереңдей берет деп ишенемин.

Сиздин жооптуу ишиңизге, айрыкча глобалдык пандемияга жана уланып жаткан климаттык кризиске каршы күрөшүүдөгү оор мезгилде ийгилик, бакыт жана чың ден-соолук каалаймын. Эл аралык кызматташтыгыбыз жана биримдигибиз бизге бул оор мезгилди жеңүүгө жардам берет деген ишеничтемин», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

217