7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байге фонду 3 миллион сом! Бишкек жана Ош шаарында эл аралык айтыш өтөт

748

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, алгачкы агартуучу, ойчул,, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган салтка айланган XVI Эл аралык кыргыз-казак кош байге айтышына чакырабыз!

Жүздөн жүйрүк, миңден тулпар сынап алуучу тандоо туру 7-август күнү Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрынын чоң залында 10:00дө башталат.

Кара кылды как жарган калыстар сынынан өткөн 8 кыргыз акыны 30-31-августта Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында саат 18:00дө Казакстан, Өзбекстан, Монголия Республикаларынан келген кара жаак кайчы тил, күмүш көмөкөй, бал тилдүү төкмө акындар менен сөз жүйөөсүн тартышып, кан кызытып, жарп жазган айтыш курушат.

Эмесе, төкмөлүк төл өнөрүбүздүн чеберлери тартуулаган көңүл майрамы, ыр кечесинде улутубуздун даңазасын ашырып, азаттыктын кадырын, эркиндиктин кунун жар салган АЙТЫШТАН Эгемен өлкөбүздүн элин күтөбүз!

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

749