7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Карыпбеков: «Журналисттер маалыматты этияттык менен колдонот, блогерлер тилекке каршы хайп кармап иштешет»

657

Илим Карыпбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына блогерлер тууралуу өз оюн билдирип, негизи эле блог жөнүндө түшүнүк берди.

“Бүгүнкү күндө журналисттер кээде эле кезикпесе, блогермин деп шоу бизнестегилер, дегеле активдүү образ жүргүзүп, публикадан коркпогон өзүнүн оюн айткан адамдар жүрөт. Алар кайсы бир деңгээлде журналисттин жумушун жасап жатышат. Блогерлер журналисттин ролун аткарып, ар кандай иштерди аткарып коомчулукка таанылып жүрүшөт. Жеке Эртай Искаков менен Улукбек Карыбек уулунун иши боюнча айта албайм, анткени жагдайларын билбейм.

Журналист болуу үчүн көп жыл окуйт, андан соң тажрыйба алат. Журналисттер 5-10 жыл ушул тармакта иштеп, маалыматты этияттык менен колдонот. Блогерлер 1-2 жылдын ичинде эле популярдуу боло калат. Тилекке каршы, хайп кармап, элге жага турган материалдарды алып, иштешет . 1-2 жылдык тажрыйба жетиштүү эмес. Маалымат деген өтө орчундуу материал”,-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

658