7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» борборунда «Ак куу көлү» балети көрсөтүлүүдө

854

Чолпон-Ата шаарындагы  «Рух-Ордо» маданий борборунда «Ак куу көлү» балети тартууланууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера балет театрынын чыгармачыл труппасы, тактап айтканда кыргыз балетинин жылдыздары  Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда 1- августан бери П.И.Чайковскийдин «Ак куу көлү» балетин Чолпон-Ата шаарынын тургундарына жана көл жээгине эс алып жүргөн эс алуучуларга тартуулап жатышат.

Балет башталган күндөн тарта аны көргөн кишилердин саны арбын.

Балет күн сайын саат 19:00 дө башталууда. 10- август күнү жыйынтыкталат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

855