7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 10 жашар бала канцелярдык мык жутуп алган

1034

Ошто 10 жашар бала канцелярдык мык жутуп алган. Аны дарыгерлер куткарып калышты. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 7-августта болгон. Бала оң өпкөсүнөн жабыркап, канцелярдык мык бронхага сайылып калган. Балага тезинен жардам көрсөтүлүп, аман алып калышкан.

Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Семетей Кочкорбай уулу операция жасап  баланын өпкөсүндө туруп калган мыкты алып чыккан. Дарыгер акыркы учурда мындай окуялар көп болуп жатканын айтып, ата-энелерди балдарына жакшылап көз салууга чакырган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1035