Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт. Мелдешке 15ке жакын өлкөдөн 400дөй спортчу катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Иш-чара 22-23-август күндөрү Чолпон-Атадагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.
Эркектер жана кыз-келиндер арасындагы күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогуна төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:
Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
Эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 кг.