7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо аялды бычактап салган жаран кармалды

614

Каракол шаарында аялды бычактап өлтүрүштү. Милиция шектүүнү кармады. Бул тууралуу Ысык-Көл милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-август күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына тез жардам кызматынын дарыгеринен кабар түшүп, анда өз үйүндө бычактан жаракат алган аялдын жансыз денеси табылгандыгы маалымдалган.

Окуя болгон жерге шаардык милициянын ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөп кеткен. Окуя орун алган жерди текшерген учурда, милиция кызматкерлери денесине ашкана бычагы сайылган бойдон жаткан аялдын сөөгүн табышкан. Ошондой эле каза болгон жарандын өздүгүн аныктап чыгышты. Ал, Каракол шаарынын 67 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122 – беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмышка тиешеси бар жаранды аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилди.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, аталган кылмышка шектелип, Ак-Суу районунун 59 жаштагы тургуну О.А. кармалды. Кармалган шектүү жаран алдын ала суракта жасаган кылмышы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип,тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

615