7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдөгү мушташтын себеби айтылды

523

Буга чейин социалдык тармактарда Ысык-Көлдөгү эс алуучулар мушташып кеткен видео тараган. Милиция бул окуя тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, окуя Кош-Көл айылындагы «Радуга Вест» эс алуу борборунун жанында болгон. Скутерди ижарага алып иштеткен жарандар менен эс алуучулар ортосунда ызы-чуу чыккан. Эс алуучу скутерди айдап жүрүп, моторуна суу киргизип алган. Ал төлөп берем деп убада кылып, бирок жээкке чыкканда убадасына турбай, натыйжада мушташ чыккан.

Жабырлануучулар Алматыда жашаган Кыргызстандын жараны 55 жаштагы С.Д. жана анын уулу 27 жаштагы С.Э. арыз жазган. Анын негизинде скутер иштеткен 18 жаштагы үч жигит милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын бирөө Бишкектин, экөө Кош-Көл айылынын тургундары.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

524