7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 300 килограммдан ашык “сасык чайыр” өсүмдүгүн мыйзамсыз саткандар кармалды

757

Баткен облусунда “сасык чайыр” өсүмдүгүн чогултуу жана сатуу боюнча мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-августта Баткен шаарынын аймагында ак түстөгү «Тойота Эстима» унаасы кармалган. Унааны кароо учурунда салонунда жана багажында «сасык чайыр» дары өсүмдүгү аталган 12 даана көлөмүндөгү 35 литрлик идиштери табылган. Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында сасык чайыр өсүмдүгүнүн майын чогултууга тыюу салынган.

Кармалган жүктүн жалпы салмагы 300 килограммдан ашык, көмүскө базардагы баасы 20 миң доллардан башталат.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо максатында тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

758