7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медетбеков: УКМК Академиясы мамлекеттин коопсуздугуна жана өнүгүүсүнө чоң жардам берет

497

Анарбек Бакаев атындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Академиясы мамлекеттин коопсуздугуна жана өнүгүүсүнө чоң жардам берет. Бул тууралуу УКМК башчысынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте ачылган жогорку аскердик окуу жайда курсанттар билим алышат. Буга чейин УКМК, Коргоо министрлиги, Чек ара кызматынын жаш адистери Кыргызстанда мындай окуу жай жок болгондуктан Россияга барып окуп келишчү.

“Бүгүн Бишкек шаарында УКМКга караштуу академия ачылды. Бул өлкөдөгү жогорку аскердик окуу жай болуп саналат. Кыргызстан үчүн мындай академия абдан керек болчу. Буга чейин биздин жаш уландар Россиядагы ЖОЖдорго барып билим алып келишчү. Эми бул академиядан чыккан адистер Коргоо министрлигинде, УКМКда, Чек ара кызматтарында иштешет. Мында чалгындоо, терроризм, киберкоопсуздук жана башка багыттарда адистер даярдалат. Академияда заман талабына жараша бардык шарттар түзүлүп, тиешелүү жабдуулар менен жабдылды. Спорт зал, бассейн, жатаканасы бар. Курсанттар аскердик тартипте билим алышат”, — деди ал.

Ошондой эле Артур Медетбеков академиянын ачылышы өлкө үчүн чоң жаңылык болгонун, эми мекен үчүн кызмат өтөйм деген эр-азаматтардын катары дагы да көбөйөрүн айтты.

“Мына өз мамлекетибизде аскердик кадрларды даярдай турган академия пайдаланууга берилди. Бул окуу жайга кабыл алына турган курсанттар белгиленген талаптарга жооп бериши керек, алар аябай дыкат тандоодон өтөт. Чет тилдерин билиши зарыл. Анткени алар эли-жери үчүн кызмат кылууга бел байлашат да”, — деп белгиледи Медетбеков.

498