Атайын рецепти жок, адамдын аң сезимине оор таасир этүүчү дарыларды сатып жатышкан дүкөн аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөлөрүндөгү дүкөндөрдүн бирин текшерүү учурунда эркин сатууга тыюу салынган дарылардын 2 түрүн сатып жаткандыгы аныкталды. Сатуучунун атайын билими жок болгон, ал дарыларды азык-түлүк дүкөнүндө сатып жаткан. Анын көрсөтмөсүнө караганда дүкөн ээси, Ош шаарынын тургуну тарабынан алынып келинип, баалары коюлуп сатуу керектиги айтылган.
Аталган факт боюнча сатуучудан жана дүкөн ээсинен тиешелүү түшүнук каттар алынып, дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин кызматкерлери тарабынан акт түзүлдү. Учурда териштирүү уланууда.