Бүгүн, 29-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жаан жаай. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22,
- Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,
- Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,
- Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,
- Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,
- Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5°.
- Бишкекте түнкүсүн 11…13, күндүз 18…20 градус жылуу болот.