Кыргызгидромет 10–11-мартта өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертти.
Бул күндөрү жаан, кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15–20 м/с, ал эми Ысык-Көл акваториясында 19–24 м/с чейин жетет. Жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
11–12-мартта түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, айрым бийик тоолуу аймактарда -28° чейин суук болушу мүмкүн. Мындай аба ырайы автожолдордо кыймылды кыйындатары белгиленди.



