Жалал-Абад шаарындагы «Ага-ини» тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти.Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимовдун айтымында, учурда 28 бейтап ооруканада, 12си үйүндө дарыланууда.
Белгилей кетсек,бул окуядан кийин аталган жайга 7,5 миң сом айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.
Жалал-Абад шаардык мэриясы учурдагы кырдаалды эске алып, жарандарды тез татымдардан тамактанбай турууга чакырат.Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен учурда шаар аймагындагы бардык тез татым жайларынын санитардык абалы текшерилүүдө.