7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абакка 14 литрден ашык сыра киргизүүгө аракет кылган 28 жаштагы жаран кармалды

722

№47 абакка 14,5 литр сыра киргизүүгө аракет кылган 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы кабарлады.

«30-октябрда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан колонияга тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракети токтотулган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында абактын кызматкерлери 14,5 литр сыраны колонияга өткөрүүгө аракет кылган 1993-жылы туулган К.Р. аттуу жаранды кармашкан»,-дейт маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, топтолгон материалдар андан ары териштирүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБине жөнөтүлдү.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723