Өлкөдө 4-ноябрга карата коронавирус 91 адам жуктуруп, басымдуу бөлүгү борбор калаада. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада илдеттен үч киши көз жумуп, үчөө тең вируска каршы эмделбегендер.
- Бишкек — 42
- Чүй облусу – 22
- Ош облусу – 4
- Талас облусу — 3
- Ысык-Көл облусу – 14
- Жалал-Абад облусу –2
- Баткен облусу – 4
Ушул тапта ооруканада 653 адам, 782 бейтап үйдөн дарыланып жатат.