№47 абакка 14,5 литр сыра киргизүүгө аракет кылган 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы кабарлады.
«30-октябрда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан колонияга тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракети токтотулган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында абактын кызматкерлери 14,5 литр сыраны колонияга өткөрүүгө аракет кылган 1993-жылы туулган К.Р. аттуу жаранды кармашкан»,-дейт маалыматта.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, топтолгон материалдар андан ары териштирүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБине жөнөтүлдү.