Ысык-Көл облусунда УКМК кызматкерлери үчүн 4 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Инфраструктураны өркүндөтүү жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда.
2021-жылдын 4-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында 4 батирлүү кызматтык үйүнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.
Маалыматка ылайык, Көрсөтүлгөн квартираларды пайдаланууга берүү аземинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы К.К.Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.К.Кожоев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы К.А. Жумадылов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ветерандары катышышты.
Кызматтык үйлөрдүн курулушун подрядчы “Бает Жаштары” ЖЧКсы жүргүздү.