Бүгүн, 4-ноябрда Аламүдүн районунун Аламүдүн айылында тигүү цехинде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Билдирмеге караганда, кырсык айылдын Гагарин көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен тигүүчү цехтин 200 чарчы метр чатыры, 3000 даана баш кийим жана 10 түрмөк кездеме күйүп кетти.
Учурда өрттүн себеби такталууда.