7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абактагылар эми компьютердик сабаттуулугун арттырышат

715

Кыргызстандагы №1 түзөтүү мекемесинин курамындагы №5 орто окуу жайга компьютердик класс ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «СПИД Чыгыш-Батыш» аттуу коомдук фонд жана DVV International уюмдарынын колдоосу менен ачылган класста 12 заманбап компьютер, 2 принтер, санариптик экран, эмеректер коюлган. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар эми компьютердик сабаттуулугун да жоё алышат.

Буга чейин DVV International уюму абактагыларга электрик, чачтарач, тигүүчү сыяктуу бир нече кесипке үйрөткөн курстарды уюштурган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар.

Эскерте кетсек, 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

716