7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абактагыларды бошотуу үчүн акча талап кылган жаран кармалды

266

Абактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Буга чейин тургундардан кармалган адамдын үстүнөн бир канча жолу арыз түшкөн. УКМК буга байланыштуу текшерүү жүргүзгөн.

Маалыматка караганда, кармалган адам өзүн «УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы Санжар Муканбетов Турдукожоевичмин» деп тааныштырып, соттолгондорду мунапыс аркылуу бошотуу шылтоосу менен акча алып жүргөн.

Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, кармалган жаран 1987-жылы туулган Санжар Салибаев экени аныкталды. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылындагы абакта «Алдамчылык”, «Документ жасоо» жана «Качуу» беренелери боюнча жаза өтөп жаткан.

Азыркы учурда топтолгон материалдар сотко чейинки өндүрүшкө алынганы жатат.

Мунапыс жарыялоо УКМКнын компетенциясына кирбейт, анткени «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө» мыйзам сот органдары тарабынан колдонулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

267