Кечээ, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевабактан чыкты. Атамбаев абактан чыгышы үчүн бийлик башчылары менен сүйлөшүү болдубу деген суроого төмөнкүдөй жооп берди.
“Испаниянын премьер-министри жана Социнтерндин башчысы, урматтуу Педро Санчес абдан киришти. Бирок, албетте, биздин президент болбогондо, Камчыбек Ташиев болбогондо… Алар жагынан да туура мамиле болду да. Ачыгын айтсам, чыгаарыма ишенбей тургам”, — деди мурдагы президент.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча камалган. 2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.
«Батукаев иши» боюнча мурдагы баш прокурор, мурдагы саламаттык сактоо министри, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси жана башка жооптуу кызматкерлер кармалып, сот жообуна тартылган.
Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл, 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты, ичер суусу аз калды» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Нарындагы Бишкекке жеткирилип, атайын рейс менен Орусияга учуп кеткен.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, 2010-жылкы Июнь окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган. Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.