7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абсаттар Сыргабаев Ата Мекендик согуштун ардагерин куттуктап, белектерди тапшырды

929

Бүгүн, 8-май күнү, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Багыш айыл аймагынын 97 жаштагы согуш ардагери Мамасали Жумаевди үйүнө барып, Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

Облус жетекчиси өз сөзүндө ардактуу ардагерди апааттуу кан майдандагы эрдиги жана бүгүнкү тынч заманды куруудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирип, акчалай белектерди тапшырды.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын согуш ардагери, ушул жылдын 1-май күнү жүз жаш курагында дүйнө салган Төлөн Базаровдун үйүнө да барып, маркумга багыштап куран окуду. Абсаттар Сыргабаев согуш каарманынын элеси эч качан унутулбасын белгилеп, жакындарына көңүл айтты.

Бул жылы Улуу Жеңиш майрамына карата согуш ардагерлерине президент тарабынан 100 миң сом, облус башчысынын резервдик фондунан 20 миң сом, райондук жана жергиликтүү бийлик тарабынан да акчалай колдоолор көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 14 согуштун катышуучусу, 21 ооруктун ардагерлери бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

930