10-майда жана 11-12-майларында өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ал эми, кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.