7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абылгазиев ден соолугуна байланыштуу Убактылуу кормоочу жайдан жеке клиникага которулду

1339

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ден соолугуна байланыштуу ооруканага түштү.  Аныгыраагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан, бир нече күн алдын Бишкек шаарында жеке «Бикард» клиникасына которулган. Бул тууралуу укук коргоо органдары кабарлайт.

Эске салсак, 2021-жылдын 21-майында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Абылгазиевге карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын 2021-жылдын 26-июлуна чейин УКМКнын СИЗОсуна камоо менен узарткан.

Белгилей кетсек, мурунку премьер-министр Абылгазиев мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда. УКМКнын маалыматы боюнча, Абылгазиев премьер-министр кезинде буйрукка кол койгон, ага ылайык, Кумтөр Голд Компани геологиялык чалгындоо жана алтын казып алуу үчүн кошумча аймактар ​​менен камсыз болгон. Кендин жалпы аянты эки эседен ашык көбөйүп, 26,3 миң гектарды түздү, анын ичинде бир нече мөңгүлөр жана корголуучу аймак.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1340