7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ачык асман алдында китеп сүйүүчүлөр үчүн китепкана ачылды

694

Бишкек шаарындагы «Ынтымак-2» эс алуу багында китеп сүйүүчүлөр үчүн ачык асман алдындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, мындай шарт шаардыктардын, анын ичинде жаштардын китепке болгон кызыгуусун ойготууга шарт түзөт.

Китеп дүйнө таанымды кеңейтип гана тим болбостон, сөз байлыгыңды, жашоого болгон көз карашыңды дагы өстүрүүгө өбөлгө болот.

Эскерте кетсек, аталган долбоор Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Келечек» мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында ишке ашууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

695