7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адам өлтүрүүгө шектүү катары 63 жаштагы аял кармалды (ФОТО)

292

Адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 25-январда саат 20:05 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Каракум көчөсүнүн үйлөрүнүн биринде “кишини бычак менен сайып салды” деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1980-жылы туулган Б.В. аттуу жаран бычактан жабыркап, 4-ооруканага алып кеткендиги белгилүү болгон.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1959-жылы туулган Б.Т. аттуу аялды кармашып, Биринчи Май райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи Май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

293