7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адам өлтүрүп издөөдө жүргөн казакстандык жаран кармалды

669

ИИМ өз өлкөсүндө оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Казакстандын жаранын кармады.

Бишкек шаарынын аймагындагы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жеке менчик мейманканалардын биринен Казакстандын жараны 1992-жылы туулган А.Б. кармалган. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Адамдардын тобу тарабынан жасалган адам өлтүрүү» беренесинин негизинде издөөдө жүргөн.

Кармалган жаран өз өлкөсүндө белгилүү клубдардын биринин жыйырма сегиз жаштагы фитнес-машыктыруучусун өлтүрүүгө шектелүүдө. Ал 17-июлга караган түнү Алматы шаарында аны атып өлтүргөн.

Учурда Казакстандын жараны  камакка алынды.

Буга чейин, КРнын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына казакстандык кесиптештери тергөө органдарынан жашырынып жүргөн адамды издөөгө жана кармоого көмөк көрсөтүү боюнча өтүнүч менен кайрылышкан.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670