Жыл башынан тартып, үч ай ичинде өлкө аймагында 1364 жол-унаа кырсыгы катталып, 1965 жараныбыз ар кандай жаракаттарды алышып, тилекке каршы, 99 жараныбыз жол кырсыгынан көз жумган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу жалпы жол кырсыгы -8 пайызга, жаракат алгандар -7,6 пайызга, ал эми көз жумгандар -20,8 пайызга азайганы менен, адам өмүрү орду толгус чоң трагедия.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин сактоого, айдоо маданиятын калыптандырууга, айдоочуларга “Өмүр бир келээрин, аны жол кырсыксыз татыктуу өткөрүү керек” экендигин психологиялык аң сезимине жеткирүүгө үгүттөгөн “Адам жаны-аманат” аттуу акциясын өткөрүштү.
Анда, жүрөк ооруткан оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыгына кабылган унааларды эвакуаторлорго жүктөп, шаарды кыдыртып, айдоочуларга эгерде ылдамдыкты сактабаса, мас абалында унаа башкарса, жол чырактарга баш ийбесе, карама-каршы тилкелерге чыгып айдаса, автоээнбаштыктарды жасаса, жол эрежелерин так сактабаса жыйынтыгы мына ушундай жол кырсыктарына алып келээрин көрсөтүп, эскертишти.
Урматтуу айдоочулар, жол кыймылынын катышуучулары кырсык каш кабактын ортосунда, андыктан, баарыбыз жол эрежелерине баш ийип, өзүбүздүн жана унаадагы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактайлы.