7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясына пландан тышкары барды

391

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, Улуттук илимдер академиясына пландан тышкары барды.

Мамлекет башчысы кызматкерлердин иш шарттары менен таанышып, илимий ишмерлер, академиянын жетекчилиги менен сүйлөштү.
Баарлашуу учурунда Садыр Жапаров илимпоздорду илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаңы технологияларды жана инновацияларды иштеп чыгуу, ошондой эле өлкөнүн алдында турган түрдүү маселелер боюнча эксперттик кеп-кеңештерди берүү аркылуу экономика тармактарын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырды.

Мамлекет башчысы илимий ишмерлердин көңүлүн мамлекетке жана коомго пайда алып келе турган илимий ачылыштарды жасоого шарттарды түзүү үчүн реформаларды жүргүзүү зарылдыгына бурду.
Бүгүн ошондой эле Садыр Жапаров Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, аймакты көрктөндүрүү жана реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.
Президент кароосуз калган коомдук жайларды ирээтке келтирүү зарылдыгын айтты.
Ал буга чейин жергиликтүү бийлик органдары бул маселелерге жакшы көңүл бурбай келишкенин билдирди. Бирок учурда шаар мэрлери жана райондордун акимдери коомдук жайларды жакшыртуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүгө тийиш.

392