7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Казакстандын премьер-министри менен жолукту

256

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен тар курамдагы жолугушуусу болду.

Жолугушуу башталаардын алдында тараптардын биргелешип сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин президенттери буга чейин аныктаган кыргыз-казак кызматташтыгынын бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча жетишилген байланыштарды, макулдашууларды максималдуу алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 7-отурумун жана Аймактар аралык форумдун 2-отурумун өткөрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы 2025-2027-жылдарга карата кызматташуунун комплекстүү планына кол коюу сыяктуу жана башка актуалдуу кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Ал эми кеңейтилген курамдагы МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновдун жолугушуусунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарында кызматташуу маселелери кенен сүйлөшүлөт.

 

257