7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Афганистанда аялдардын үнүн коомго жеткирген алгачкы радиостанция ишке кирди

248

Афганистандын батышындагы Герат шаарында аялдар аудиториясына багытталган жана жалаң аял кызматкерлерден турган алгачкы радиостанция ишке кирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы радиостанция “Навайе Зан” деп аталып, Герат шаарындагы аялдар үчүн атайын медиаконтент даярдайт. Студияда ондон ашык журналист кыз-келиндер иштешип, аялдардын көйгөйлөрүн, жетишкендиктерин жана коомдогу ролун чагылдырган ар түрдүү программаларды обого чыгарышат.

Радиостанциянын директору Шабнам Карими Tolo News телеканалына берген маегинде “Навайе Зан” аялдардын үнүн угузуу жана күчөтүү максатында түзүлгөнүн белгилеген.

Анын айтымында, радионун негизги максаты — аялдар менен кыздардын жетишкендиктерин көрсөтүү жана алардын туш болгон кыйынчылыктарын коомго жеткирүү.

249