7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Агасы инисин кокусунан тир мылтык менен атып алган

429

19-октябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Датка айыл аймагында талаада 2018-жылы туулган бала денесинен жараат алып, орууканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аны 2012-жылы туулган агасы кокусунан тир мылтык менен ичине атып алгандыгы маалым болгон. Дарыгердин айтуусу боюнча баланын ички органдары жабыркаган эмес. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

430