7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алтымышев: ”30 жыл бакылдап, кооз сүйлөп Текебаев, Мадумаров сыяктуулар тооккана дагы курушкан жок!”

329

Тынчтык Алтымышев, журналист: “Отуз жыл бакылдап, кооз сүйлөп Текебаев, Мадумаров сыяктуулар тооккана дагы курушкан жок!”

  Саясатчылар эки түргө бөлүнүшөт экен. Биринчиси, укмуштай сүйлөшөт. Тили менен коммунизмди куруп салышат. Бирок колдорунан эч нерсе келбейт.

Экинчиси, көп сүйлөбөйт, бирок иштин майын чыгарышат.

Отуз жылдан бери тилдери менен орок оруп,  буудай кууруган саясатчыларды көрдүк. Кызмат берсе бир тооккана курган колдорунан келбеди. Алар кимдер? Мадумаров, Текебаев, Атамбаев, Бекназаров, Суваналиев сыяктуулар. Баарына өз убагында чоң-чоң бийлик тактылары берилген. Бирок изилдеп көрсөң,  бийликте турганда бирөө да тооккана курган эмес. Тилдери эле сайрайт. Саясатта сакталып калыш үчүн бийлик менен соодалашат.

Экинчи түрү — эки дос. Кооз сүйлөбөй эле жакшы иштеп жатышат. Отуз жылда жасалбаган иштерди жасап салышты. Бул иштерди тиги саясатчылардын биринчи түрү көрө албай, ичтери өтүп атат. Элдин көзү ачылды. Ушунун баарын талдап, билип атышат. Мурда болсо «омиий Мадумаров кыйын экен, Текебаев кыйын экен, бийликке моминтип айтып салды, коркпойт экен» деп колдоп жүрө берет элек.

Бекназаров айткандай «тил — это не важно» дегени туура экен. Тили сайраса эле «омиий кыйын экен» дебей,  иштей тургандарды тандашыбыз керек экен. Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот эмеспи. Ошондуктан асмандагы айды алып берем деп сагызгандай шакылыктагандарды эмес, иштей тургандарын шайлайлы, мекендештер.

330