7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Агдам районунда «Айкөл Манас» мектебинин ачылышы салтанаты болду

4

Президент Садыр Жапаров жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 3-июлда, Агдам районунун Хыдырлы айылында «Айкөл Манас» орто мектебинин ачылыш аземине катышышты.

Кыргызстан элинин атынан Азербайжанга белекке курулган мектеп 528 орунга ылайыкталган. Өткөн жылдын март айында башталган курулуш толугу менен аяктап, объект пайдаланууга даяр. Мектеп 2,7 гектар аянтка курулган.

Заманбап имарат үч окуу блогун, спорттук жана жыйын залдарын, ашкана, китепкана, физика, химия жана биология лабораторияларын, эки компьютердик классты, ошондой эле бардык керектүү окуу жана административдик жайларды камтыйт. Тийиштүү аймакта футбол жана волейбол аянтчалары, эс алуу аймактары жана класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү үчүн инфраструктура салынган. 

Иш-чаранын алдында президенттер Хыдырлы айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, көчүрүлгөн эки миң адам үчүн курулган үйлөрдү көрүп чыгышты жана жаңы жашоочуларга ачкычтарды жеке өздөрү тапшырышты.

Президент Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровго жана бүткүл кыргыз элине Карабахты калыбына келтирүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мектепти куруу демилгеси жеке Садыр Жапаровго таандык болгонун, эми бул окуу жай эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандыктын бекем символуна айланганын баса белгиледи. 

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров “Айкөл Манас” атындагы мектептин ачылышы тарыхый мааниге ээ окуя экенин белгиледи. Бул руханий байланыштарды бекемдеп, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан дагы тереңдетет.

Мамлекет башчысы Агдам районундагы “Айкөл Манас” мектеби жана Бишкектеги Гейдар Алиев атындагы мектеп эки боордош элдин ортосундагы достуктун, өз ара сый-урматтын символу жана ынтымактын көпүрөсү экенин ырастады. 

Соңунда Хыдырлынын тургундары Президентке жана Кыргызстан элине тилектештиги, боордоштук колдоосу жана алардын келечегинин маанилүү бөлүгү боло турган мектепти куруудагы баа жеткис жардамы үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

5