7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Джунушалиев «Мадина» базарынын аймагын кайрадан текшерди

184

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базарынын аймагын мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча кайрадан текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Мадина» ЖЧКсы тарабынан протоколдук тапшырмалардын олуттуу бөлүгү аткарылбагандыгы аныкталды. Соода тротуарларда жүргүзүлүп, муну менен жөө жүргүнчүлөр үчүн коомдук жайлардын жеткиликтүүлүгү чектелген.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 24 буйрук чыгарылып, жалпы суммасы 277 500 сомго протоколдор түзүлүп, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузган 10 соода түйүнү жабылды.

Мындан тышкары айрым соодагерлерде санитардык китепчелер жок экендиги аныкталган, алар мэрге кыска мөөнөттө документтерди талапка ылайык келтирүүнү убада кылышкан.

«Бул текшерүү бүгүн же эртең менен гана чектелбейт. Биз ишмердүүлүгүңүздөрдү текшербейбиз. Эгерде шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ден соолугуна коркунуч туулса — биз аларды коргоо чараларын көрүүгө милдеттүүбүз»,– деди Джунушалиев.

Унаа токтотуу аймагында бузууларды жоюу боюнча мурда чыгарылган буйрукка карабастан, иш аткарылган эмес. Буга байланыштуу кайрадан айып пул салынып, мыйзам бузууну четтетүү боюнча токтом чыгарылды. Ошондой эле, «Мадина» ЖЧКсына жанаша жайгашкан аймакты дайыма таштандылардан тазалоо жана уруксат берилбеген жерлерде соода кылууну болтурбоо тапшырмасы берилди.

 

185